24.kg
10:47, 24 июля 2020, 24.kg

Россия Кыргызстанга 50 миң вирус аныктоочу ПЦР-тест жана реагент жөнөттү

Россиялык делегация Саламаттык сактоо министрлигине вирус аныктоочу 50 миң ПЦР тесттерин жана реагенттерин тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Анын айтымында, кечээ вице-премьер-министр Аида Исмаилова Роспотребнадзордун Эпидемиология борбордук изилдөө институтунун профессору Наталья Пшеничная жана Башкортостан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген россиялык дарыгерлер тобу менен жолугушкан.

Россиялык дарыгерлер тобу, анын ичинде реаниматологдор, жугуштуу оорулар боюнча адистер, пульмонологдор, отоларингологдор аймактарды кыдырып, коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоого түздөн-түз катышышат жана бардык региондордогу дарыгерлер үчүн вебинар өткөрүшөт деп болжолдонууда.

Аида Исмаилова россиялык тараптын колдоосу эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы чыныгы достукту жана бир туугандык мамилелердин далили экендигин белгилеп, россиялык дарыгерлерге, Саламаттык сактоо министрлигине жана Россия Федерациясынын элчилигине COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18