24.kg
09:44, 24 июля 2020, 24.kg

Депутат эл каттоону 2021-жылга жылдырууну сунуштады

Улуттук статистикалык комитет эл каттоону кайсы убакта жандандыруу керектигин азырынча аныктай элек. Депутат Наталья Никитенко эл каттоону 2021-жылга жылдырууну сунуштап жатат.

Анын айтымында, эл күн сайын таңкы берүүлөрдөн республикалык штабдын брифинги менен көз жумгандардын санын кооптонуу менен күтүп отурганда, эл каттоону уюштуруу мүмкүн эмес.

«Биз акыл токтотуп бир чечимге келишибиз керек, же активдүүлүк, же изоляция. Көптөгөн өлкөлөрдө элди каттоо 2021-жылга жылдырылды. Бул пандемия учурундагы эң ыңгайлуу чечим деп ойлойм», — дейт Наталья Никитенко.

Ал бирөөнө топтолбогула, иш-чара өткөрбөгүлө деп алып, башкаларына үймө-үй кыдырууга уруксат берүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкекте медиктерди үймө-үй кыдыртып, элди каттоо алардын жумушуна кирбегендигине карабай мажбурлап жатышат деген маалымат тараган. Бирок, Улуттук статистика комитети бул маалыматты четке кагып, эл каттоону жана турак жай фонддорун 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин өткөрүү мерчемделип, коронавируска байланыштуу белгисиз мөөнткө жылдырылганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18