24.kg
09:27, 24 июля 2020, 24.kg

«Бирге» кыймылынын ыктыярчылары эки жумалык тыныгуу жарыялашты

«Бирге» кайрымдуулук кыймылынын ыктыярчылары эки жумалык тыныгуу жарыялашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ыктыярчы Айгүл Курбанбаева билдирди.

Анын айтымында, ыктыярчылардын иши башталгандан бери эки жума өттү — балдар убактылуу обочолонушу керек.

«Белгилей кетсем, ооруканалардагы бейтаптардын саны азайды, агым көп эмес. Курамдагы ыктыярчылардын баары обсервацияга кетип жатабыз, тилекке каршы биздин ордубузда эч ким жок болот. Бирок биз гуманитардык жардамды аймактык ооруканаларга жөнөтөбүз. Көптөгөн медициналык мекемелерде абал абдан кейиштүү, аларга анчалык деле маани берилбейт. Акча «Элсомго» түшөт, аларды камкор жарандар бөлүштүрүп турушат», — дейт ыктыярчы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18