24.kg
09:11, 24 июля 2020, 24.kg

Бишкекке Екатеринбургдан 225 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Екатеринбургдан 225 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, алар «Урал аба каттамы» авиакомпаниясынын чартердик рейси аркылуу келишкен.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун шаарларындагы жана аймактарындагы кыргыз диаспоралык уюмдарга келип түшкөн өтүнмөлөрдүн негизинде түзүлгөн.

«Урал федералдык округунда окуган студенттер жана Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Ханты-Мансийск, Нижневартовск, Новый Уренгой шаарларында жашаган жарандар, анын ичинде ар кандай оорулары бар адамдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер, карылар, кош бойлу аялдар жана кичинекей балдары бар аялдар келишти», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18