24.kg
09:09, 24 июля 2020, 24.kg

Казакстандын түштүгүндө казактар менен өзбектердин ортосунда жаңжал чыкты

Казакстандын Түркстан облусундагы Шорнак айылында жергиликтүү тургундар ортосунда мушташ чыгып, үч киши жаракат алды. 

Казак маалымат булактарынын билдирүүсүндө, алгач Шорнак айылынын эки жашоочусунун ортосунда жаңжал чыккан. Көп өтпөй белгисиз адамдар келип, алардын биринин үйүнө жана коңшу жайгашкан үйлөргө таш ыргытышкан. Жыйынтыгында үч киши жана окуя болгон жерге барган аймактык тескөөчү жаракат алган.

Соцтармактардагы билдирүүлөргө ылайык, мушташ казак жана өзбек тектүү тургундардын ортосунда болгон. 11 миңден ашуун тургуну бар Шорнак айылында негизинен казак жана өзбек улутундагылар жашайт.

Полиция окуянын улут аралык жаңжал экенин четке кагып, окуяга байланыштуу төрт киши кармалып, териштирүү башталганын билдирди.

Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеотасмада мектепке окшогон имараттын жанында турган адамдарды, бети жана көйнөгү кан болгон полиция кызматкерин көрүүгө болот.

Түркстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, Шорнак айылынын үч тургуну ооруканага 21-июлда жеткирилген. Алардын экөө орто жаракат алышкан, өмүрлөрүнө эч кандай коркунуч жок. Үчүнчүсүнүн абалы оор деп бааланууда.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18