24.kg
17:32, 23 июля 2020, 24.kg

Транспорт министрлиги үч күндүк айлык акысын дары-дармек алууга которот

Транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын башкармалыгынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары дары-дармек сатып алуу үчүн үч күндүк эмгек акыларын темир жол ооруканасына которушат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, каражат темир жол ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жумшалат.

«Ооруканага «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын эсебинен миңдеген жеке коргонуу шаймандар сатылып алынды. Ошондой эле, Бишкектеги коронавирус учурунда иштеген кызматкерлерге компенсациялык кошумча акыларды уюштуруп берүү үчүн ооруканага ай сайын 160 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү», — дейт Жанат Бейшенов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18