24.kg
15:44, 23 июля 2020, 24.kg

Борбордук мечит 51 медицина кызматкерине 3 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү

Бишкек шаардык Борбордук мечити № 1-шаардык клиникалык оорукананын 51 кызматкерине 3 мин сомдон акчалай жардам берди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандрынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Бишкек шаардык Борбордук мечит № 1 шаардык оорукананын 51 кызматкерине 3 000 сомдон акчалай жардам көрсөтүп, аны менен катар 100 даана N95 тибиндеги беткап берген.

Бул иш-чарага Бишкек шаардык казыятынын өкүлү Муктарбек ажы Джусупбеков жана жеке ишкер Сталбек Акматов катышып, медицина кызматкерлерине жасап жаткан эмгектери үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18