24.kg
13:58, 23 июля 2020, 24.kg

Россиядагы кыздарды жазалоого үндөгөн патриоттордун бири сөзүн кайтарып алды

Москвадагы башка улуттун жарандары менен мамиле курган кыздарды жазалоого үндөгөн жигиттердин өздүк маалыматтары такталды. Бул тууралуу ИИМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, видеодо чакырык таштаган Б.Б. жана А.А. аттуу жарандар эл алдында кечирим сурашты.

«ЧА.А. жана Б.Б. аттуу эки жаран күнөөлөрүн мойнуна алып, кечирим сурашты. Эми бул жарандардын кылган ишине карата Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык Москва шаардык милициясы тарабынан укуктук баа берилет», — деп берилет маалыматта.

Facebook социалдык тармагында алардын биринин видеосу тараган. Анда ал кечирим сураган эмес. Болгону кыргыз кыздарына мындай мамиле кылууну токтотуу жөнүндө айткан.

«Кыргыз жигиттер, кечээки боюнча болду токтотолу. Улуттар аралык кастык жаралып кетиши мүмкүн. Эгер кан төгүлүп кетсе жаман болот. Азыр мен милиция бөлүмүндө отурам», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18