24.kg
13:14, 23 июля 2020, 24.kg

Пакистандык студенттерди сабагандар бир айга камакка алынды

Пакистандык студенттерди сабаган кыргызстандыктар бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, кармалган үч жаран бир айга камакка алынды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси боюнча катталып, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пакистандык ыктыярчы дарыгер Аббас Али Шахтын мурду сынган, ага операция жасалат.

«19-июлда саат 23:00 чамасында Аламүдүн РИИБге Пакистандын 1998-жылы туулган жараны Ш.С. арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш адамдар аны себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Мындан сырткары ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. кайрылган», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, Пакистандык дарыгер Аббас Али Шах 24.kg агенттигине өз ыктыяры менен медиктерге акысыз жардам берүүгө уруксат берүүнү өтүнүп кайрылган. Бир күндөн соң аны күндүзгү стационарлардын бирине жумушка алышкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18