24.kg
12:58, 23 июля 2020, 24.kg

Ошко Москвадан 301 кыргызстандык кайтып келди

Ошко Москвадан 301 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, алар «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва — Ош аба каттармы аркылуу келишкен.

Министрлик жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынын дарыгерлери жана Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери түзгөн комиссия тарабынан түзүлгөнүн кошумчалады.

«Россиядагы жогорку окуу жайларда окуган студенттер, кош бойлуу аялдар жана кичинекей балдары бар аялдар учуп келишти. Ошондой эле Россияга операция жасатканга баргандар, жакындарынан айрылган жарандар, оор турмуштук кырдаалга туш болгондор дагы бар», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18