24.kg
12:48, 23 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцина качан даяр болорун айтты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдар тармагынын директору Майкл Райан коронавируска каршы вакцинанын качан даяр болорун айтты. Ал бул тууралуу уюмдун Twitter каналынын берүүсүндө жарыялады.

Майкл Райандын айтымында, бул 2021-жылдын биринчи жарымына чейин созулушу мүмкүн. Эксперт вакцинанын өнүгүүсүндө жылыштар бар экендигин белгиледи. 

Ошондой эле ал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцинаны дүйнөнүн бардык бурчуна жеткиликтүү болушу үчүн иштеп жаткандыгын баса айтты.

«Бул пандемияга каршы вакцина байлар үчүн же кедейлер үчүн деп бөлүнбөйт, бул бардыгы үчүн жеткиликтүү», — дейт ал сөзүнүн соңунда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18