24.kg
12:26, 23 июля 2020, 24.kg

Алмазбек Атамбаевдин мурдакы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жатак-абагына которулду

Алмазбек Атамбаевдин мурдакы кеңешчиси, президенттин аппаратынын башчысынын экс-орун басары Икрамжан Илмиянов жатак-абакка которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын объективдүү чечими, анда Икрамжан Илмияновдун келтирилген зыяндын ордун толтургандыгы да эске алынган.

Эске салсак, Икрамжан Илмиянов 2017-жылкы президенттик шайлоодо «Дизель Комплект» ЖЧКсынан сыйлык жана демөөрчүлүк катары 150 миң доллар алган деп айыпталган. Соттун өкүмү менен ал жети жылга эркинен ажыратылган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18