24.kg
12:15, 23 июля 2020, 24.kg

Аксыдагы каналга түшүп кеткен 12 жашар баланы издөө иши уланууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда каналга түшүп кеткен 12 жаштагы баланы издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, 21-июлда болжол менен саат 17:00дө Кум айылынын 2008-жылы туулган тургуну Чоң-Наманган каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Издөө ишерине кечээ ӨКМдин 11 куткаруучусу жана 15 жергиликтүү тургундар тартылган. Бала табыла элек. Бүгүн дагы издөө иштери улантылат», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18