24.kg
11:49, 23 июля 2020, 24.kg

Кыргызстанга оң рулдуу тогуз унааны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан

Кыргызстанга тетик катары катталган оң рулдуу тогуз унааны мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Анын айтымында, «Рено-Премиум» , «Волво FH12» жана «Волво FH13» маркаларындагы үч жүк ташуучу унаа «Чалдовар-автожол» өткөрүү пунктунда кармалган. Алардан оң рулдуу унаалар табылды. Ошол эле учурда, айдоочулардын уруксат кагаздарында унаа тетиктерин ташуу боюнча гана көрсөтүлгөн. Аталган факт Кылмыштардын жана жолуктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө Жапонияда чыгарылган бардык унаалардын абалы жакшы, толук жана тейлөө шартында экендиги аныкталды. Мыйзам боюнча, оң рулдуу автоунааларды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынат. Учурда тергөө жүрүп жаткан автоунаалардын келип чыгышы жана алардын Кыргызстанга ташылып келүү максаты аныкталууда», — деп билдирет каржы полициясы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18