24.kg
10:53, 23 июля 2020, 24.kg

УКМК: Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугуна байланыштуу эч кандай даттануулар жок

Экс-президент Алмазбек Атамбаев күнү-түнү медициналык көзөмөлдө болот. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, мурдакы президенттин ден-соолугуна жана кан басымынын төмөндүгүнө байланыштуу эч кандай арыз-даттануулар жок. Ошондой эле ал камактагы түзүлгөн шартка нааразы эмес. Адвокаттар ага дайыма барып, жолугуп турушат. Туугандарына дагы жолугушууга тыюу салынган эмес.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаевден 30-июнда эки тараптуу пневмония аныкталган. Ал ооруканага жаткырылып, айыккандан соң кайра абакка которулган. Адвокаттар ал өзүн жаман сезип жаткандыгы тууралуу билдиришкен. Экс-президент бир нече кылмыш иштерине байланыштуу айыпталууда, алардын экөө- крим төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз түрмөдөн бошоткондугу жана 2019-жылы 7-8- августтагы Кой-Таш окуясы боюнча, учурда сот иши жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18