24.kg
10:41, 23 июля 2020, 24.kg

Бишкектеги тез жардам медициналык борборуна болгон кайрылуулардын саны азайды

Акыркы күндөрү Бишкек шаарынын тез жардам кызматына кайрылган чалуулардын саны азайды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине тез жардам медициналык борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, акыркы сутка ичинде 103 кыска номуруна 1 миң 667 чалуу келип түшкөн.

Медициналык жардам сурап кайрылгандардын эң көбү 29-июнда катталган, анда бир сутканын ичинде 5 миң 58 чалуу келип түшкөн.

Мындай тыгындын төмөндөшү 4-июлда борбор калаадагы күндүзгү ооруканалар ачылгандан тартып байкала баштады. Ал эми түнкү ооруканалар ачылгандан бери түнкүсүн кайрылгандардын саны азаят.

«Бул көрсөткүчтүн натыйжасында бейтаптар тез жардам бригадаларын көпкө күтүшпөйт жана өз убагында жардам ала алышат», — дейт Искендер Шаяхметов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18