24.kg
09:49, 23 июля 2020, 24.kg

Кытай Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн убактылуу токтотуп турат

Кыргызстан Кытай менен тышкы карыз боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу өкмөт маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө, Кытай Кыргызстандын карызынын 2020-жылдагы төлөмдөрүн токтотуп турууга макул болду. Учурда карыз мөөнөтүнүн узартуу шарттары иштелип жатат.

Мындан сырткары Кыргызстан 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү 3-4 жылга жылдырып туруу жөнүндө Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция, Германия, Дания, Корея, Япония мамлекеттери менен макулдашты.

15-апрелде «Чоң жыйырма» жана насыя берүүчү өлкөлөрдүн уюму (Париж клубу) тарабынан Эл аралык валюта фонд менен Дүйнөлүк банк колдоого алган жакыр өлкөлөрдүн (алардын катарында Кыргызстан бар) карыз төлөөсүн токтотуп туруу демилгеси жактырылган. Бул демилгенин алкагында Кыргызстан өз кредиторлоруна тышкы карызды төлөөнү токтотуп туруу боюнча кайрылган.

 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18