24.kg
18:57, 22 июля 2020, 24.kg

Профессор Абдырахман Мавлянов 73 жашында дүйнө салды

Photo 171657

Узакка созулган оорудан улам 73 жашында техника илимдеринин доктору, профессор Абдырахман Мавлянов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты.

Абдырахман Мавлянов Россиядагы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү ассоциациясынын төрагасы, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү болгон.

Абдырахман Мавлянов илимий-педагогика чөйрөсүндө, илимпоздор арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. Аны туугандары ушунчалык боорукер, акылдуу жана билимдүү адам болгон деп эскеришти.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18