24.kg
17:03, 22 июля 2020, 24.kg

COVID-19 вирусунун экинчи толкуну күздө болот. Өкмөт башчы даяр болууга чакырды

Медициналык мекемелерди күз-кыш мезгилдерине даярдоо, ошондой эле керектүү шаймандарды сатып алуу боюнча ишти күчөтүү өлкө боюнча маанилүү. Мындай буйрукту премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын отурумунда билдирди.

«Адистердин божомолдоруна караганда, эпидемиянын экинчи толкуну күзүндө болот. Ошондуктан бардык медициналык мекемелер кандайдыр бир деңгээлде даяр болушу керек. Ар бир ооруканага желдетүүчү шаймандарды орнотуу керек», — дейт өкмөт башчы.

Аны менен катар, COVID-19 вирусуна чалдыккандар менен ага каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин ден-соолугуна көңүл бурууну тапшырды. Кубатбек Боронов пневмония илдетинен улам келип чыккан катуу оорулардын алдын алуу зарылдыгына көңүл бурду.

«Айрам адамдар илдетти кадимки сасык тумоо экен деп үйдөн дарыланышат. Ошонун кесепетинен улам оору күчөйт. Мындай категориядагы бейтаптар менен тыгыз иш алып баруу керек», — деп жыйынтыктады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18