24.kg
15:59, 22 июля 2020, 24.kg

Өкмөт мындан ары ыктыярчылар менен биргеликте иш алып барат

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова ыктыярчылар кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, ыктыярчылар мамлекет тарабынан колдоого муктаж болгон өлкөдөгү негизги көйгөйлөр тууралуу айтып беришкен.

Тактап айтканда, региондордогу ыктыярдуу кыймылдын ишин координациялоо, колл-борборду техникалык жактан колдоо, рентгендик диагностика кызматтарынын жеткиликтүүлүгү, алыскы аймактарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу, калкты эпидемияга каршы иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат берүүнү улантуу туурасында болгон.

«Коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө өкмөт менен ыктыярдуу уюмдардын мындан ары чогуу иш алып баруу жөнүндө чечими кабыл алынды», — деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардам көрсөткөн ыктыярчылар жана жарандык активисттер менен жолугушуу өткөргөн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18