24.kg
14:57, 22 июля 2020, 24.kg

Бишкектеги күндүз жана түнкү ооруканаларга баргандардын саны кыскарды

Бишкекте күндүз жана түнкү ооруканаларга баргандардын саны кыскарууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Биз мурунку күндөргө караганда акыркы суткада жарандарды кыйла аз кабыл алдык. 21-июлда күндүзгү ооруканалар 3 миң 286 жаранга медициналык жардам көрсөтүштү, 590 адам түнкү стационарларга кайрылышты», — деп берилет мэриянын маалыматында.

Мэрия 21-июлга карата күндүзгү ооруканаларга 62 миң 326 адам кайрылгандыгын, алардын 46 миң 209у тамчылатма дары, 15 миң 786 адам дарыгердин кеп-кеңешинен өтүп, 322 бейтап ооруканага жаткырылганын кошумчалады. Түнкү ооруканаларда 4 миң 318 адам кабыл алынган, алардын 15и ооруканага жаткырылган.

Күндүзгү ооруканалар бейтаптарды 8.00дөн 20.00гө чейин, түнкү стационарлар — 20.00дөн 8.00гө чейин кабыл алышат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18