24.kg
14:13, 22 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Кыргызстан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат

Акыркы жети күн ичинде Кыргызстан COVID-19 вирусунун жаңы учурлары жана өлүмдөрдүн саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жума ичинде республикада жаңы учурлардын саны 16 миң 807ге жеткен, бул 100 миң адамга 266 учур болуп эсептелинет. Каза болгондордун саны 930 (100 миң кишиге 15).

Photo 171608

Кыргызстан менен катар Оманда — 10 миң 319, Бахрейнде — 3 миң 238, Черногорияда — 1 миң 94 жана Панамада — 7 миң 57, каза болгондордун саны боюнча — Чилиде −1 миң 608, Панамада — 199, Перуда — 1 миң 350 жана Бразилияда — 7 миң 354 учур катталган.

Photo 171609

Белгиленгендей, тизме өлкөлөрдүн калкынын жалпы санын жана 100 миң кишиге эсептелген учурлардын санын эске алуу менен түзүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18