24.kg
12:41, 22 июля 2020, 24.kg

Оштогу жаңы курула турган ооруканага 18 миллион сом сарпталат

Оштогу жаңы курула турган ооруканага 18 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, оорукана 1,5 жарым айдын ичинде курулуп бутүшү керек.

«Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн жаңы курула турган 100 орундуу оорукананын долбоору менен таанышып чыкты. Ал үчүн 18 миллион сом бөлүнөт. Аны менен катар аймактын жугуштуу оорулар ооруканасын текшеришти, оңдоп-түзөө иштерине 13 миллион сом бөлүнгөн», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстан боюнча эки оорукана курула турганын айткан. Анын бири Бишкекте, ал эми экинчиси Ошко салынат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18