24.kg
12:21, 22 июля 2020, 24.kg

Ленин айылында бардык шарты бар стационар ачылды. Кызматтар акысыз көрсөтүлөт

Ленин айылында жеке менчик күндүзгү оорукана ачылды. Стационар Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жайгашкан. Көчмө оорукана Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин жардамы менен жүргүзүлгөнү белгиленди.

Белгилүү болгондой, оорукана 13 чатырдан турат жана анда 50 керебет орнотулган. Ооруканада кабыл алуу бөлмөсү, ординанттардын кабинети, күтүү залы, жуунучу жай, даараткана, дарыкана жана видеобайкоо камералары бар. Алардын бардыгы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптарына ылайык жайгаштырылган. Электр энергиясы аварияга учураса 50 кВт электр генератору иштетилет.

Бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн мобилдик ооруканада эки унаа бар, алар оорулууларды алып келип, кайра жеткирүүгө ылайыкташтырылган.

Күндүзгү ооруканада акысыз дары-дармектер, шприцтер, тутумдар, кычкылтек концентраторлору, маскалар, антисептиктер бар. Аны менен катар стационарда акысыз Wi-Fi колдонууга дагы болот.

Ооруканада калктын аялуу катмарындагы жарандарды тейлөө пландалган, ага пенсионерлер, жумушу жок жарандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жакырлар жана башка категориядагы адамдар кирет. Медициналык жардамга муктаждарга жана дары-дармек сатып алууга каражаттары жетпегендер келип көрүнсө болот.

Бардык суроолор боюнча call-борборго кайрылыңыздар:

Телефондор (WhatsApp):

  • 0559104020;
  • 0709104020.

Электрондук почта: dobro@alpha-cargo.kg

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18