24.kg
10:28, 22 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 44 бейтап көз жумду. Анын 16сы Бишкекте

Кыргызстанда өткөн суткада 44 бейтап көз жумду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кайтыш болгондордун жетөөдөн коронавирус таксыкталган.

Өлүм дагы Бишкек шаарында эң көп катталууда. Өткөн суткада ордо калаада 16 адам кайтыш болду, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 1.

Март айынан бери коронавирустан жана пневмониядан каза болгондордун саны 1 миң 123тү түзөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18