24.kg
15:50, 21 июля 2020, 24.kg

Ош шаарында бир тууганынын өлүмүнө шектүү катары иниси кармалды

Ошто милиция кызматкерлери бир тууганынын өлүмүнө шектүү катары инисин кармашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Белгиленгендей, кечээ Ош облустук бириккен ооруканасына 35 жаштагы эркек киши ар кандай жаракаттар менен келип түшкөн. Дарыгерлер бейтап тууралуу милиция кызматкерлерине кабар беришкен.

«Кийинчерээк ал алган жаракатынан улам көз жумган. Маркумдун бир тууган иниси кылмыш жасаган деген шек менен кармалды», — деп берилет маалыматта.

Бул маалыматты түштүк калаанын Ички иштер башкармалыгы тастыктады. Бөлүмдүн маалыматы боюнча, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча катталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18