24.kg
13:32, 21 июля 2020, 24.kg

Пакистандык студенттерди сабагандар кармалды

Кыргызстандагы Паксистандык студенттерди сабагандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, 19-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистандык 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Маалыматка ылайык, ушундай эле арыз менен дагы 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. кайрылган. Окуя болгон жайга дароо Аламүдүн районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан, учурда урушка катышкандар окуя болгон жерден таркап кетишкендиги маалым болгон.

«Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. менен Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. аттуу жашоочулары кармалды.
Факт Уылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берененин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталды. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Ошондой эле бул чыр-чатак ИИМдин жетекчилиги тарабынан катуу көзөмөлгө алынгандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда кыргыздар Пакистандык суденттерди сабап жаткандагы видео тараган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18