24.kg
12:40, 21 июля 2020, 24.kg

Кыргызстандык үч окуучу Эл аралык Менделеев олимпиадасында медалга ээ болушту

Кыргызстандык мектеп окуучулары химия предмети боюнча Эл аралык Менделеев олимпиадасында медалга ээ болушту. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдөгү Карасаев атындагы лицейдин окуучулары Нурсултан Содонбеков менен Кубанычбек Камил күмүш жана коло медалга ээ болушса, Бишкектеги Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Камил Мамбетов үчүнчү орунга ээ болгон.

Надира Жусупбекова кошумчалагандай, олимпиадага 20 мамлекеттин окуучулары катышкан. Быйыл ал онлайн режиминде өттү.

Эл аралык Менделеев олимпиадасы — жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн, Балтия жана Түштүк-Чыгыш Европанын мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү химия сабагы боюнча таймаш.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18