24.kg
12:25, 21 июля 2020, 24.kg

Окуу жылынын биринчи чейреги онлайн режимде окутулат

2020-2021-окуу жылынын биринчи чейреги онлайн режимде өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги эпидемиологиялык кырдаалды жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын сунуштарын эске алуу менен чечим кабыл алган.

Надира Жусупбекова, эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси мурдагыдай эле уланары мүмкүн экендигин кошумчалады.

Ошол эле учурда ал бир жылдык видео-сабактарды тартуу иштери башталганын айтты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18