24.kg
12:15, 21 июля 2020, 24.kg

Дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 14,7 миллионго жетти

Акыркы сутканын көрсөтмөсү боюнча дүйнө жүзүндө 253 миң 70 бейтаптан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн-карта тастыктайт.

Дүйнө жүзү боюнча жалпы 14 миллион 703 миң 293 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 3 миллион 829 миң 920сы АКШда катталды. Бразилияда —2 миллион 118 миң 646, Индияда — 1 миллион 155 миң 802, Россияда — 776 миң 212, Түштүк Африкада — 373 миң 628, Перуда — 353 миң 590, Мексикада — 349 миң 396, Чилиде — 330 миң 930 жана Улуу Британияда — 296 миң 944 учур.

Коронавирус жалпы 188 өлкөгө жетти.

COVID-2019 вирусунан айыккандардын саны 8,2 миллион. Бир сутка ичинде 164 миң 466га өстү.

Каза болгондордун саны 602 миң 138ге жетти. Акыркы сутканын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 7 миң 668ге өстү. Анын ичинде АКШда — 140 миң 905, Бразилияда — 70 миң 120, Улуу Британияда — 45 миң 397, Италияда — 35 миң 58, Мексикада — 39 миң 485.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 28 миң 251, Казакстанда — 73 миң 468, Өзбекстанда — 17 миң 149, Тажикстанда — 6 миң 921.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18