24.kg
11:29, 21 июля 2020, 24.kg

Президент Бельгиянын королу Филиппти Королдук ант берүү күнү менен куттуктады

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бельгия королу Филиппти Королдук ант берүү күнү — Бельгия Королдугунун улуттук майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин пресс-кызматы маалымдады.

«Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү жана Бельгия Королдугу башынан өткөргөн оор сыноолорго карабастан, Бельгия Королдугунун эли учурдагы пандемияга туруштук берет деп ишенебиз. Ошол эле учурда мен Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугу менен түзүлгөн достук мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө даяр экендигин белгилегим келет», — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Король Филиппке бекем ден соолук, узак өмүр, ал эми Бельгия элине ийгиликтерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18