24.kg
09:48, 21 июля 2020, 24.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жыпар Жекшеев кайтыш болду

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев 74 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты.

Буга чейин Жыпар Жекшеевден коронавирус индети аныкталып Улуттук госпиталга жаткырылган, жакында эле анын абалы оор экени айтылган. Ал бүгүн кечинде көз жумду.

Photo 171389

Жыпар Жекшеев 1947-жылы 24-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талдысуу айылында туулган. Чүйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, Мамлекеттик искусство институтун жана Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Бир нече жыл бою ал Ысык-Көл облусунун көркөм фондун жетектеген, «Кыял» искусство жана кол өнөрчүлүк ассоциациясынын окутуучусу жана Кыргызстандын Маданият министрлигинин курстарында иштеген. 1990-жылдардан бери ал саясатка активдүү катышып баштаган.

  • 1993-жылы «Кыргызстан Демократиялык Кыймылы» партиясын жетектеген;
  • 1995-2000-жылдары — Жогорку Кеңештин депутаты, Мамлекеттик кызматчылардын адам укуктары жана этикасы боюнча комитеттин төрагасы;
  • 2005-жылы март окуясынан кийин Бишкек шаарында жана Чүй облусунун чектеш аймактарында жерди мыйзамсыз басып алуу менен түзүлгөн Кырдаалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалган;
  • 2007-2009-жылдары — ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы;
  • 2017-2019-жылдары КТРКнын Байкоочу кеңешин жетектеген.
  • Президенттикке өз талапкерлигин көрсөткөн. Ал үч китептин жана өлкөнүн коомдук жана саясий турмушундагы көйгөйлөр боюнча 100дөн ашык макалалардын автору.

Жапар Жекшеев «Даңк» жана «Манас-1000» юбилейлик төш белгиси менен сыйланган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18