24.kg
09:26, 21 июля 2020, 24.kg

Россиядагы кыргызстандыктар 524 миң рубль өлчөмүндөгү дары-дармек жөнөтүштү

Россиядагы кыргызстандыктар Бишкек шаарынын мэриясына 524 рубль өлчөмүндөгү дары-дармек жөнөтүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, каражат «Табарман» коому жана «Садовод» соода борбору тарабынан сатылып алынган. Бардык уюштуруу маселелери, материалдык-техникалык жана транспорттук чыгымдар Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан каралган.

Мындан сырткары, Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинен 100 таңгак «Клексан», 100 таңгак «Гепарин», 100 каннула жана бир жолу колдонула турган шприцтер мэрияга өткөрүлүп берилди.

«Жардам шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын талабы боюнча шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын отурумунда бөлүштүрүлөт», — деп кошумчалады мэрия.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18