24.kg
17:54, 20 июля 2020, 24.kg

Президент: «Ганси» обсервациясында өз деңгээлинде тартип сакталбай жатат

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков «Манас» эл аралык аэропортунун аймагындагы «Ганси» обсервациялык зонасынын ишинде өз деңгээлинде тартип сакталбай жаткандыгын айтты.

Буга карай премьер-министр Кубатбек Боронов, «Ганси» обсервациясындагы көзөмөл күчөтүлгөнүн, жакында аталган обсервациялык зонанын жетекчиси алмашылгандыгын билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн режимде кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18