24.kg
16:09, 20 июля 2020, 24.kg

2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутууга даярдык көрүлүүдө

Түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктарды бекитилген Антикризистик Планга ылайык жүргүзүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси дагы өзүнчө каралат.

«Билим берүү жана илим министрлиги мектеп мугалимдерин, окуучуларды ата-энелерди азыртан дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүсүн максатка ылайыктуу деп эсептейт. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет. Сабактар мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтыйт. Аны тартууда эң ириде анын сапатына, маңызына көңүл бөлүнүп, компетенттүлүк мамилеге негизги басым жасалууда. Бул максатта, конкреттүү методикалык жана техникалык талаптарды камтыган атайын методикалык колдонмо иштелип чыкты», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18