24.kg
15:05, 20 июля 2020, 24.kg

Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлерин ден-соолугуна кам көрүүгө үндөдү

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бөлүм башчылары менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, онлайн жолугушууга Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук ички иштер башкармалыктарынын башчылары, борбордук аппараттын кызматтарынын жетекчилери катышты.

Кашкар Жунушалиев бардык аймактын жетекчилерине, тартип сактоо бөлүмдөрүндө эмгектенип жаткан ар бир милиция кызматкеринин саламаттыгы үчүн жооптуу экендигин эскертти.

«Эң негизги милдет — кызматкерлердин ден-соолугуна өзгөчө көңүл буруу, ар бир аймактын медициналык бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан бейтаптарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү, кошумча ооруканаларды ачуу маселесин карап чыгуу», — деди Кашкар Жунушалиев.

Ошондой эле ал, коомдук тартипти чыңдоону унутпоого жана өлкөнүн ар бир районунда кылмыштуулук менен күрөшүүнү улантууга үндөдү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18