24.kg
14:06, 20 июля 2020, 24.kg

Бишкекте врач-хирург Эрмек Носинов көз жумду

Хирург, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Эрмек Носинов Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө көз жумду.

Өлүмдүн себеби айтылган жок.

Photo 171214

Эрмек Носинов 1974-жылы Чүй облусунун Аламедин районундагы Карл Маркс совхозунда туулган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган, андан кийин Улуттук госпиталдын Ахунбаев клиникасынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн базасында жалпы хирургия клиникалык ординатурада иштеген.

2006-жылы медицина илимдеринин кандидаты диссертациясын ийгиликтүү коргогон жана ага доцент наамы ыйгарылган.

2013-жылдан 2016-жылга чейин Ош бириккен аймактык ооруканасынын кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө иштеген.

2016-жылдан бери доцент, КРСУнун хирургия факультетинин кафедра башчысы болуп эмгектенген. 2018-жылдан тартып чет элдик студенттерге сабак бере баштаган.

Эрмек Носинов 150дөн ашык илимий макалаларын жарыялаган. Анын артында аялы жана эки баласы бар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18