24.kg
11:58, 20 июля 2020, 24.kg

Мадамин Каратаев: COVID-19 өлүмүнүн 20 пайызы дарыгерлерге кеч кайрылгандар

Лаборатория тарабынан тастыкталган COVID-19 өлүмүнүн бештен бири, бейтаптардын дарыгерлерге кеч кайрылуусуна байланыштуу болгон. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, инфекциялык жаңы вирус пайда болгондон тартып 191 бейтап каза болгону лаборатория тарабынан тастыкталган.

«Биздин анализдин көрсөтмөсү боюнча, илдеттен улам каза болгондордун 20 пайызы ооруканага жаткырылгандан кийин бир-эки күндөн соң каза болуп калгандар. Бул бейтаптардын дарыгерлерге кеч кайрылгандыгын же өз убагында медициналык жардам ала албагандыгын түшүндүрөт», — дейт Мадамин Каратаев.

Кыргызстан боюнча коронавирус жана пневмония илдеттеринен улам каза болгондордун саны 1 миң 37ге жетти.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус менен пневмония илдеттерин лаборатория тарабынан тастыктап, атайын код коюлду, мындай тыянактан соң Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги U07.1 жана U07.2 коддорунун негизинде эки илдеттин статистикасын бириктирген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18