24.kg
11:11, 20 июля 2020, 24.kg

Маанилүү жаңылык. Бүнкү күндө Бишкектеги ооруканаларда 748 бош орун бар

Бишкектеги ооруканаларда 748 бош орун бар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, акыркы суткада стационарлардан 167 адам сакайып чыкты, ал 127 бейтап келип түштү. Аны менен катар бейтаптарды жайгаштыруу маселеси чечиле элек.

«Бүгүн биз кырдаал көзөмөлдө деп айта алабыз. Коронавирус жана пневмония илдеттерине чалдыккандардын саны бир аз да болсо азайганы байкалууда», — дейт Мадамин Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча илдетке чалдыккандардын саны 27 миң 143кө жетти, анын ичинен 13 миң 109у айыгып чыккандар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18