24.kg
15:47, 17 июля 2020, 24.kg

Казакстанда COVID-19дан 51 медицина кызматкери көз жумду

Казакстанда коронавирус илдетинен 51 медицина кызматкери көз жумду. Бул тууралуу 16-июлда өткөн брифингде товар менен кызмат сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө комитетинин төрагасы Тимур Султангазиев билдирди.

Ал учурда канча дарыгер вирус жуктуруп алганын жана өлгөн медицина кызматкерлеринин туугандарына өкмөт убада кылган 10 миллион теңге (24,2 миң доллар) төлөнгөнүн же төлөнбөгөнүн айта алган жок.

Казак бийлиги инфекция жуктуруп алган медицина кызматкерлерине эки миллион, өлгөндөргө 10 миллион теңге төлөөгө убада берген.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилердин саны 65 миңден ашты. 39 миңдей бейтап сакайды, 396 киши көз жумду.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18