24.kg
10:43, 17 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 86 бейтап ооруканадан чыгарылды

Бир сутка ичинде 86 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгыны башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, Бишкекте — 13, Чүй облусунда — 25, Ошто — 10, Ош облусунда — 1, Баткенде — 8, Нарында — 2, Жалал-Абадда — 21, Таласта — 1, Ысык-Көлдө — 5 адам.

Мындан сырткары, үй изоляциясында арыланып жаткан бейтаптардын ичинен бир сутка ичинде 378 адам айыкты. Эске сала кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги июндун ортосунан тартып коронавирустун жеңил түрү менен ооругандарды стационарларга жайгашырууну токтоткон.

Кыргызстан боюнча коронавирус илдетинен 3 миң 821 бейтап ооруканадан айыгып чыкса, 2 миң 275 адам өзүн-өзү изоляциялоодон айыгышты.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18