24.kg
09:55, 17 июля 2020, 24.kg

16-июлда Базар-Коргон районунда сел жүрүп, чоң жоготууларга учуратты

16-июлда болжол менен саат 15:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен улам сел жүрүп Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда турак-үйлөрдү каптаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сел суулары Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап айылында жайгашкан төрт турак-үйдүн ичине кирип, 12 турак-үйдүн короолорун каптап, эки үйдүн дубалын бузуп кеткен. Ошондой эле сел ички чарбалык унаа жолдорго кум, шагыл толтурган жана ички чарбалык эки көпүрөнү жараксыз абалга келтирген.

“Жерине селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, №78 ӨКБдан 26 куткаруучу жана айыл аймактан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал, жергиликтүү тургундардан 100 киши тартылып, сел сууларынын нугун бурушкан, 3 турак үйдүн ичин тазалашкан. Мындан сырткары, унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 23:30да жумуш убактылуу токтотулган. Бүгүн калыбына келтирүү иш-чаралары кайрадан улантылат”, - деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18