24.kg
19:13, 16 июля 2020, 24.kg

Кыргызстан жашоо шарты эң арзан алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан жашоо шарты эң арзан алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Numbeo изилдөө агенттигинин көрсөткүчү аныктаган.

Изилдөөгө ар кайсы өлкөлөрдөгү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде ижара турак жай акысы, коммуналдык кызматтар, тамак-аш, кийим-кече, унаа жана эс алуу наркы эске алынган. Бул көрсөткүчтөр Нью-Йорктогу (АКШ) жашоо деңгээли менен салыштырылган. Рейтингде жалпы 135 мамлекеттин тизмеси бар. Алдыңкы саптагы он мамлекетте жашоо эң кымбат, ал эми акыркы тизмедегилер арзаныраак болуп эсептелинет.

Кыргызстандан жашоо шарты боюнча эң арзан өлкөлөрдүн тизмесинде 3-орунда (133-өлкө) турат. Ал эми экинчи орунда Индия (134-өлкө) жана Пакистан 1-орунда (135-өлкө) турат.

Евразия экономикалык бирлиги боюнча коңшу өлкөлөрдүн арасынан Өзбекстан 130-орунду, Казакстан 116-орунду, Беларусь 112-орунду, Россия 107-орунду жана Армения 106-орунду ээледи. Рейтингде Тажикстан көрсөтүлгөн эмес.

Бермуда, Швейцария, Норвегия, Исландия жана Япония жашоо үчүн эң кымбат мамлекет болуп абылды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18