24.kg
17:44, 16 июля 2020, 24.kg

Өкмөт пневмония менен вирустун статистикасын бириктирет

Пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги эксперттердин тобу иштеп чыккан COVID-19 илдетинин Улуттук клиникалык колдонмосунун 3- версиясын бекитти.

«Аталган колдонмосу COVID −19 илдетинин даражаларынан, ооруган бейтаптарды дарылоо алгоритминен, аны менен бирге өпкөнүн сезгениши (пневмония), стационардык жана амбулатордук жардамды көрсөтүүдөн турат», — деди ал.

Анын айтымында, ДССУ тарабынан кабыл алынган Эл аралык ооруларды классификациялоого ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шарттарында колдонулат. COVID-19 илдетин лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок клиникалык белгилери бар болуп, рентген аркылуу билинген 07.2 кодуна таандык келээри аныкталды.

«Коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ПЦР- тест менен тастыкталбаган, бирок вирустук этиолгиясында клиникалык белгилери бар пневмония U07.2 кодуна кирет, мындан улам пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат», — деп кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18