24.kg
14:40, 16 июля 2020, 24.kg

Бишкектеги түнкү стационарлардын иш убактысына өзгөртүү киргизилди

Бишкектеги түнкү стационарлардын иш убактысына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын пресс-кызматы билдирди.

Анын айтымында, учурда түнкү стационарлар бир саат мурун ачылып, 20.00дөн 8.00гө чейин иштешүүдө. Күндүзгү ооруканалардын иш убактысы өзгөргөн жок: 8.00дөн 20.00гө чейин иштешет.

Мэрия Бишкек шаардык кеңешинин колдоосу менен Жал кичи районундагы № 95 мектептин базасында кошумча күндүзгү стационар ачылып, 37 орун даярдалганын кошумчалады.

Кара-Жыгач конушунда жайгашкан «Салтанат» ресторанынын базасында дагы 50 орундуу стационар ачылууга даярдалып жатат", — деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Жалпы жонунан борбор калаада 908 орундуу 13 күндүзгү оорукана жана 220 орундуу түнкү оорукана иштеп жатат. Бул жерде дарыгерлер, медайымдар, санитаркалар, ординаторлор жана ыктыярчылар кезек-кезеги менен иштешет. Кызматкерлер жана тартылган адистер жеке коргоо каражаттары, тамак-аш, убактылуу турак-жай менен камсыз болушат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18