24.kg
14:27, 16 июля 2020, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков каза болгон ыктыярчы Адинайдын ата-энеси менен жолугушту

Сооронбай Жээнбеков бүгүн борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенти Адинай Мырзабекованын ата-энесине барып, көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.

«Түшүнүп турам, бул сиздер үчүн оор жоготуу. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам», — деди өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, Адинайдын апасына кайрат айтып жатып.

«Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сүйгөн кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге — ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден-соолук жана узак өмүр берсин», — дейт президент.

Адинайдын ата-энеси, анын медик болуу кыялы мектепте окуп жүргөндө эле күч экендигин, Ысык-Атадагы Юрьевка айылынын орто мектебин эң жакшы баалар менен бүтүрүп, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Медициналык академияга тапшырганын айтып беришти.

Кечээ президенттин буйругу менен Адинай Мырзабекова «Эрдик» медалы менен сыйланды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18