24.kg
10:45, 16 июля 2020, 24.kg

«Сорос-Кыргызстан» фонду дарыгерлерге 261 жуп жеке коргонуучу каражат жөнөттү

«Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы госпиталдын COVID-19 вирусуна каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерине 4 миң 500 доллар өлчөмүндөгү жардам көрсөттү (3 миң 250 доллары фонддун казынасынан, ал эми 1 миң 250 доллары кызматкерлеринен чогултулган).

Фонд COVID-19 вирусу өлкө боюнча жайылуусунун соңку божомолунун негизинде, калкты дарылоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү тез арада жайылтуу зарыл экендигин маалымдады.

«Сорос-Кыргызстан» фонду каражаттарды мобилдештирип, аны менен катар госпиталды колдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү карап жатат.

Photo 170721

Фонддун адистери, өлкөнүн ар бир жаранын коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18