24.kg
09:37, 16 июля 2020, 24.kg

Бишкекте ломбардды тоноого аракет кылган киши колго түштү

Бишкекте Октябрь райондук ИИМнин Коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ломбардды тоноого аракет кылып жаткан адамды колго түшүрүштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү качып кетүүгө аракет кылган. Милиция кызматкерлери абага эскертүүчү ок атууга аргасыз болушкан.

«36 жаштагы М.К аттуу жаран кармалды. Анын жанында «Байкал» травматикалык тапанчасы бар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү сырткы эшикти талкалап, андан соң ломбарддын ички терезесин сындырганга үлгүргөн. Тинтүү учурунда кармалган адамдан 2 миң 700 сом табылган», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18