24.kg
19:30, 15 июля 2020, 24.kg

Нурлан Насип: Жалпы элдин жакшы тилеги менен келинчегимдин өмүрүн сактап калдык

«Кудайым чоң кырсыктан сактап, дарыгерлердин чоң жардамы жана сиздердин күнү-түнү кылган дубаларыңыздар менен келинчегимдин өмүрүн сактап калдык», — дейт ырчы Нурлан Насип өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу. Ал жубайы Асел Кадырбекова экөөнүн сүрөтүн жүктөп жалпы журтка ыраазычылык билдирген.

Анын айтымында, Асел Кадырбекованын абалы баштагыга салыштырмалуу жакшы.

«Аселдин абалын күнү-түнү сурагандар абдан көп, кыскача айта кетейин, буйруса алдыга жылыш бар, бирок өзүнүн калыбына келишине дагы көп убакыт бар. Кудайым буйруса убакыт баарын даарылайт. Айттырбай келген кырсыктан алыс болуңуздар, бизге кылган дубаларыңыздар сиздерге эки эселеп тийсин», — деп жазган.

Эске сала кетсек, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыкка учурап комага түшүп калган. Кырсыктын кесепетинен оор жаракат алган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18