24.kg
15:17, 15 июля 2020, 24.kg

Талас шаарынын мэри унаа сатып алууга бөлүнгөн акчаны стационарга жумшады

Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбеков жаңы кызматтык унаа сатып алуудан баш тартып, ага бөлүнгөн акчаны шаардагы күндүзгү ооруканаларга жөнөтүүнү чечти. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Талас шаарынын бюджетинен кызматтык унаа сатып алууга 700 миң сом каралган.

«Бизде 1995-жылы чыккан Mercedes Benz автоунаасы бар, бирок чындыгында эле унаанын абалы өтө начар. Кечээ шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында мен, унаа сатып алууга бөлүнгөн каражатты ооруканаларга берүү сунушун киргиздим. Дары-дармек сатып алып, стационарларда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге кам көрүшүбүз керек. Депутаттар менин сунушумду колдошту», — дейт Айдарбек Жузупбеков.

Белгилей кетсек, 15-июлда Талас облусунда 45 адамдан коронавирус аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18